КҮҮЛӨНТКҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮҮЛӨНТКҮЧ , м а х о в и к – түрдүү машиналардын кыймылдаткычынын жетелөөчү октолгоочуна (валына) орнотулган алкактуу дөңгөлөк. Энергия запасын жогорулатуу үчүн көбүнчө К-түн салмагын алкакка топтоп, ал эми октолгоочтун огуна жакын жагы жука жасалат. Бензин кыймылдаткычында же буу маши­насында айлануу моментинин термелүүсүн тек­шилеп, ар бир иш тактысында энергияны жутуп алып, кайра аларга берип турушу м-н ок толгоочту бир калыпта айландырып, машина­нын бир калыпта иштешин камсыз кылат.