КҮҮГҮМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮҮГҮМ , и ң и р – күн баткандан кийин атм-да байкалуучу оптикалык кубулуш; күндүзгү жарыктан түнкү караңгылыкка акырындык м-н өтүү мезгили. К-дүн узактыгы күн баткандан жасалма жарыкты күйгүзгөнгө чейинки уба­кыт аралыгы м-н аныкталат; ал экваторго жакындаган сайын кыскарып, жердин геогр. кеңдигине жараша болот. К-дүн гражд. (Күндүн го­ризонттон 6° кеңдикке чейин батышы), навига­циялык (6°тан 12°ка чейин), астр. (12°тан 18°ка чейин) түрлөрү болот. Жайында (июнда) жогорку кеңдиктерде (Түн. жарым шарда) күн бир топко чейин туруп, кечки К. таңкы шоола м-н кошулат, буурул түндөр байкалат. Мындай ок­шош кубулуштарды Түн. жарым шарда кышын­да (декабрда) байкоого болот. Кыргыздарда күн чыгар алдындагы К. – таңкы шоола, таңкы мунарык же үрөң-бараң, үрүл-бүрүл деп аталат.