КҮҮ
КҮҮ – кыргыздын аспаптык музыкасынын жалпы аты. Ал негизинен темир ж-а жыгач ооз комуз, комуз, кыл кыяк, сурнай, сыбызгы, чоор күүлөрү болуп бөлүнөт. К-лөр салт б-ча муундан муунга өтүп, программалык мазмунга ээ болгон, дастандардагы окуяларды, жаратылыш таасирлерин чагылдырган («Ат кетти», «Камбаркан», «Кара өзгөй», «Көкөй кести», «Жаа толгоо», «Ботой» ж. б.). К-нүн обондук-формалык курулушу, аткаруу ыргактары ар түрдүү. Бул Карамолдо, Муратаалы, Токтогул, Атай, Эркесарынын терең филос. мазмундагы айтым күүлөрүнөн көрүнөт. Комуз К-лөрү эл арасына кеңири тараган. Башка аспап К-лөрүнө караганда күүлөнүшү, муз. темалардын өнүгүшү, ыкмаларынын ж-а штрихтеринин байлыгы, программалуулугу м-н айырмаланып, түрдүү толгоо (оң, сол, чың, бош, кош, чың-кош, терс, боштерс ж. б.) м-н күүлөнүп чертилет. К-лөрдүн мындай чертилиши «аралашма», «калтылдатып чертме», «терип чертме», «жанып чертме», «кол ойнотуп чертме» ж. б. көптөгөн ыкмалардын колдонулушун шарттайт, о. эле К-лөргө классикалык муз. өнөрдүн айрым элементтерин киргизүүгө мүмкүндүк берет. К. ийкемдүү, темпераменттүү келип, аягына чейин динамикалуу өнүгөт. Комуз К-сү үч үндүү. Ага туруктуу бас пайдаланылып, жарыша жүрүшү мүнөздүү. Бир эле К-нүн бир нече варианты бар. Мындай учурда К. бирде узарып, бирде кыскарып, метроритмикалык белгилери өзгөрүп турат. Ошону м-н бирге комузчу мурдагыларды байыта турган интонацияларды киргизип, негизги теманы «өзөк» катары пайдаланат. Комуз К-лөрүн жаңылоонун натыйжасында жаңы варианттар, бөтөнчө салт күүлөрдө жаңы үлгүлөр, позициялар пайда болгон. Алар жанрына жараша обон, залкар, айтым күүлөр деп, ал эми мазмунуна, аткарылышына, темасына жараша лирикалык («Секетбай», «Күйгөн», «Арман», «Кошок» ж. б.), эпикалык («Каныкейдин арманы», «Курманбек» ж. б.), салт («Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй», «Бекарстан» ж. б.), чертилишине жараша моюн («Камбаркан»), бел («Ибарат», «Насыйкат» ж. б.), аяк («Ботойлор» м-н «Шыңгырамалар» ж. б.) К-лөр деп бөлүнгөн. Обон К-лөрдү К-нүн эң байыркылары деп болжоого болот. Обон К-лөр кимге арналса, ошонун аты («Ак Зыйнат», «Ак Мөөрдүн арманы») же автордун ысмы («Боогачынын обону», «Осмонкулдун обону», «Калмураттын обону») м-н тараган. Обон К-лөр айтым К-лөрдүн жаралышына данек болгон. Айтым К-лөрдөгү өзгөчөлүк – эң татаал ыкмаларды колдонуп чертүү, муз. маанилеринин өнүгүшүнө ылайык колду түрлөнтө, кубулта ойнотуу. Айтым К-лөрдүн классикалык үлгүлөрүнө «Ак тамак, Көк тамак», «Маш ботой», «Тогуз кайрык», «Чайкама», «Айдараалынын көйрөң күү» ж. б. кирет. Айтым К-лөрдүн улуу устаттары Токтогул, Ниязаалы, Айдараалы, Жантакбай, Атай, Серек, Коргоол ж. б. болгон. Комуз музыкасындагы негизги жанр – залкар (кара) күүлөр. Алар ойго бай кайрыктарга ээ болуп, кол ойнотулбай, бир калыпта, салмактуу чертилет. Залкар К-лөрдү ыр же сөз коштобойт, күү чертилер алдында гана анын эмнеге арналганы, кандай окуялар баяндалары кара сөз м-н чечмеленген. «Манас» эпосу баштаган кенже дастандардын (эпизоддорунун) негизинде да баяндамалуу (программалуу) К-лөр («Чоң казат», «Алмамбет менен Чубак», «Каныкейдин арманы», «Алмамбеттин арманы» ж. б.) чыгарылган. «Көкөй кести», «Сынган бугу», «Ибарат», «Насыйкат», «Жаш тилек» ж. б. залкар күүлөрдүн классикалык үлгүлөрүнө кирет. Залкар К-лөрдүн улуу чеберлери Арстанбек, Кыдыр аке, Боккөтөн, Кудайберген Муратаалы, Майлыбай, Сейилкан, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз ж. б. болгон. Салт К-лөр да кеңири өнүккөн («Камбаркандар», «Ботойлор», «Кербездер», «Шыңгырамалар», «Толгоолор», «Бегарстандар», «Кайрыктар» ж. б.). Кээ бир К-лөр куштардын сайраганын, жорголордун жүрүштөрүн ж. б. тууроонун негизинде чыккан («Токто, чором, найза сал», «Булбул сайрап таң атты», «Жүрүш күү», «Байге» ж. б.). Залкар комузчулар Музооке, Күрөңкөй, Боккөтөн, Арстанбек, Белек, Бурулча, Абак, Капал, Койду, Жантакбай, Кыдыр акенин өнөрлөрүн Кудайберген, Токтогул, Муратаалы, Ниязаалы, Айдараалы, Карамолдо, Атай, Ыбырай, Эркесары, Шекербек, Асылбек, Орозбай, Намазбек ж. б. өөрчүткөн. Октябрь рев-ясынан кийинки кыргыз комузчуларынын К-лөрү (Ы. Тумановдун «Жаш тилек», «Боз салкын», «Кеңеш», «Паровоз», «Жеңиш», «Жүрөгүм Москва», «Тынчтык», К. Орозовдун «Колхоз камбарканы», «Терме камбаркан», «Бешик күү», А. Огомбаевдин «Маш камбаркан», «Салтанат камбаркан» ж. б.) ошол доордун маани-маңызын чагылдырган. Мурда К-лөр жеке аспапта ойнолсо, кийин ансамблдин (к. Комузчулар ансамбли) ж-а оркестрдин (к. Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри) аткаруусунда жаңы мазмунга, көп түстүүлүккө ээ болду. М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов ж. б. композиторлор комуз К-лөрүнүн үлгүсүндө оркестр үчүн К-лөрдү («Жаштык күү», «Комуз күүсү», «Карылык», «Тогуз кайрык», «Жол жорго» ж. б.) жазышты. А. Жумакматов, Э. Жумабаев симф., эл аспаптар оркестрлери ж-а «Камбаркан» этногр.- фольклордук ансамбль үчүн ондогон К-лөрдү иштеп чыгышты. Композиторлор К-лөрдү операларга («Айчүрөк», «Токтогул», «Манас», «Жаш жүрөктөр», «Көкүл», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б.), балетке («Анар», «Чолпон», «Селкинчек» ж. б.), симф. аспаптык чыгармаларга кеңири пайдаланышты. Кыргыз К-лөрү алгачкы жолу А. Затаевич тарабынан нотага түшүрүлүп, «Кыргыздын 250 аспаптык күүсү жана обону» деген ат м-н 1934-ж. Москвадан басылып чыккан. В. Виноградовдун «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1961), «Муратаалы Күрөңкөев» (1962) деген эмгектеринде изилденип, «Кыргыз музыкасынын антологиясына» (1974) киргизилген. 125 күүнү камтыган «Залкар күүлөр» деген диск чыгарылган (2001). Б. Алагушовдун «Комузчулар өнөрү» (1976), Б. Алагушов, Т. Медетовдун «Карамолдонун күүлөрү» (1977), Ч. Исабаевдин «Комуздун тандалма күүлөрү» (1987), «Кылымдардын кылдары» (2005) аттуу эмгектеринде изилденген.
Ад.: Виноградов В. С. Музыка советской Киргизии. М., 1939; Кыргыздын элдик музыкасы. Ф., 1958; Музыкальное наследие Токтогула. М., 1961; Алагушов Б. Комузчулар өнөрү. Ф., 1976. Б. Алагушов.