КҮРПҮЛДӨК
КҮРПҮЛДӨК – Чүй обл-нун Панфилов р-нундагы кыштак. Күрпүлдөк айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 615 км бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кайыңды шаарчасынан 24 км түш. тарапта. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1578 (2009); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү ж. б. иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.