КҮРПҮЛДӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРПҮЛДӨК – Чүй обл-нун Панфилов р-нундагы кыштак. Күрпүлдөк айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 615 км бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кайыңды шаарчасынан 24 км түш. тарапта. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1578 (2009); неги­зинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү ж. б. иштейт. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.