КҮРӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРӨӨ – карызды өз убагында төлөөнү камсыз кылууга (кээде борбордук банктар аныктоочу шарттарда) коюлган мүлк же башка баалуулук­тар. Карыздакор К-нүн милдеттенмелерин аткар­баган учурда кредитор коюлган мүлктүн наркы­нан өзүнүн талабын канааттандыруу укугуна ээ болот. К-нүн үч түрү колдонулат: 1) күрөө пред­метин карыз берүүчүгө өткөрүүчү туруктуу К.; 2) күрөөгө коюлган мүлк күрөө берүүчүнүн ээли­гинде калган жүгүртүүдөгү товар түрүндөгү К., ал бул мүлктү коюлган К-нүн милдеттенмелери б-ча карызды бир мезгилде жабуу же жараксыз мүлктү о. эле баага же чоң суммага алмашуу шартында сатууга укуктуу; 3) күрөөгө коюучу­нун ээлигинде калган товар түрүндөгү кайра иш­тетилүүчү мүлк күрөөгө берүүчүнүн өндүрүшүндө кайра иштетилиши мүмкүн– мында мындай иштетүүнүн натыйжасы болуп эсептелген продук­цияга да К. укугу жайылтылат. K