КҮРӨҢ БАЛЫРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРӨҢ БАЛЫРЛАР (Рhaeophyta) – споралуу өсүмдүктөр тиби. Храмотофорасында фукоксан­тин болгондуктан, өңү күрөң. Бардык К. б. көп клеткалуу, субстратка бекип жашайт. Бир клет­калуу, колониялуу өкүлдөрү жок. Талломунун көлөмү бир нече ммден 40 мге жетет. Сырткы көрүнүшү б-ча бутактуу пластинка, жип, тас­ма, көпчүлүгү жалбырак-сабактуу татаал түзү­лүштүү өсүмдүктү элестетет. Клетка чел кабы­гынын сырткы бөлүгү пектин затынан туруп, ал былжырлуу, ички бөлүгү целлюлоза катма­рын түзөт. Татаал түзүлүштөгүлөрүнүн (ламина рия) ткандары жиктеле баштаган. К. б-дын көп клеткалуу түктөрү бар, башка балырларда ан­дай түктөр жок. Клеткасы, адатта бир ядролуу, кабыгы целлюлоза, ольгин, фукоидин заттарына бай. Көбөйүүсү вегетациялык талломдордун үзүндүлөрү аркылуу, жыныссыз (зооспоралар, тетраспоралар аркылуу, фукустардан башкасы) ж-а жыныстык (изогамия, гетерогамия, оогамия) жолдор м-н жүрөт. Көбөйүү органы – 1 же көп уялуу спорангий. К. б-дын 240 тукуму, 1500дөн ашуун түрү бар. 3 уруусу тузсуз суулар­да, калгандары деңизде жашайт. Андан алгин к-тасы ж-а анын туздары, -

Күрөң балырлар: 1 – саргас-сум; 2 – ыйлаакчалуу фукус; 3 – ламинария; 4 – алария.

тоют уну, медицинада колдонулуучу йод, микроэлементтер алынат. Айрымдары тамакка пайдаланылат.