КҮРӨҢ АЮУ
КҮРӨҢ АЮУ (Ursus arctos) – аюулар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене уз. 2,55 мге, бийикт. 1,35 мге, салм. 600 кгга жетет. Евразия ж-а Түн. Американын түздүктөгү ж-а тоодогу токойлорунда кезигет. Кырг-нда бул түр Теңир-Тоо, Алай, Памир тоо

кыркаларында кеңири таралган. Көбүнчө Арпа, Ак- Сай, Алай, Сары- Жаз, Чаткал ж. б. тоолордун коктуколотторун, сырттарды мекендейт. Ал бадал арасында, аска, тоо этектеринде ж-а бийик алкакта кезигет. Суур, балык сыяктуу жаныбарлар ж-а дарак, бадал мөмөлөрү м-н азыктанат. Бир жерден экинчи (азыктуу, коопсуз) жерге ооп жашайт. Кеч күзгө чейин семирип, кышында узакка чээнге кирет. 3 жашында куутка катышат. Ургаачысы чээнге киргенден кийин декабрь, январда уйку абалында 1–2 мамалак тууйт. Мамалагы чала уйкуда жаткан энесинин эмчегин ээмп, бат чоңоёт. Күзгө чейин мамалагынын салмагы 30 кгга жетет. Териси, майы үчүн кармалат. Барган сайын саны азаюуда. Ошондуктан бул түрдү сактап калуу үчүн 1963-ж. аларды атууга, кармоого тыюу салынган. 1975-жылдан КРдин Кызыл китебине катталган.