КҮРМӨНТҮ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРМӨНТҮ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда. Күрмөнтү кыш-нан 2,5 км батыш та­рапта, Күнгөй Ала-Тоонун түш.-чыгыш этегин­де. Кен аймагында антропогендеги делювий-про­лювий чөкмөлөрү кеңири тараган. Мындагы чопо катмарынын калыңдыгы 1–22 мге жетет. Катмардын арасында шагыл, кум кездешет.
Чопо күрөң сары түстө. Гранулометриялык ку­рамы: 0,005 ммден майдасы – 21,41%, 0,005– 0,01 мм – 21,39%, 0,05–0,01 мм – 42,25%, 0,25–0,05 мм – 10,59%, 0,5–0,25 мм – 0,95%, 1–05 мм – 1% ж-а 1 ммден кесеги – 2,44%. Хим.- технол. касиети б-ча жогорку маркадагы порт­ланд-цемент, кыш, «75», «100» маркасындагы карапа, «500», «600», «700» маркасындагы аглопорит алууга жарактуу. Запасы А+В+С1 ка­тегориясы б-ча 1483 миң т. Кен карьерден казылып, чопону Күрмөнтү цемент з-ду пайдаланат.