КҮРМӨНТҮ БАТКАК КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРМӨНТҮ БАТКАК КЕНИ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы дары баткак жатк ан жер. Күрмөнтү кыш-нын түш. тарабындагы Күрмөнтү булуңунда жайгашкан. 1965-ж. табылган. Кендеги дары баткак көлдүн түбүндө 3–4 м тереңдикте, күкүрттүү суутек жыттанган кара ж-а каралжын боз түстөгү илешчээк ылайдан турат. Калыңдыгы 0,6–0,8 м. Анын астындагы нык­талган бозомук ылай тереңдеген сайын чопого өтөт. Баткак аз минералдашкан (3,5–5,4 г/л) күкүрттүү суутек (Н2S) 100 г баткакта 153 мгга жетет. Нымдуулугу 60%тен көп, с. салм. 1,2–1,5 г/см. Рн – 7,8–8,6. Орг. заттардын өлчөмү 1,31–3,65%. Эсептелген запасы 49 миң т. Ысык-Көл курорт аймагы үчүн мааниси чоң.