КҮРМӨНТҮ АКИТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРМӨНТҮ АКИТАШ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Күрмөнтү кыш-нан 1,5 км түн. тарапта. 1939–84-ж. Кыргыз геология башкармалыгы, «Средазгеолнеруд» трести, Курулуш материалдарын өндүрүү министрлиги чалгында­ган. Кен аймагында антропогендеги делювий­пролювий чөгүндүлөрү кеңири тараган. Ар кай­сы жерде акиташ теги, конгломерат жер бети­не чыгып жатат. Пайдалуу катмар каралжын боз, агыш боз акиташ тегинен турат. Акиташ теги таш көмүр мезгилинде пайда болгон, аян­ты 3,5 км2ге жеткен массивди түзөт. Катмары­нын калыңдыгы 80 м. Акиташ теги жогорку сорттогу «600» маркасындагы тез катуучу цемент м-н 1-сорттогу аки алууга жарамдуу. Аки­таш тегинин бекитилген запасы: А категориясы б-ча 1144 миң т, В – 5043 миң т, С – 13534 миң т, С2 – 34149 миң т. Кен ачык казылып алынып, Күрмөнтү цемент з-ду пайдаланат.