КҮРМӨНТҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРМӨНТҮ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Сары-Булак айыл округуна караш­туу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп булуңу­нан түндүгүрөөк, Күрмөнтү суусунун ж-а Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1789 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 8 км түн.-батыш та­рапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 182 км. Калкы 3041 (2009); негизинен дыйкан ж-а мал чарбала­рында эмгектенет. Күрмөнтү цемент з-ду, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, оорукана бар. Кыштакта илимпоз, тарыхчы, коомдук ишмер К. Каракеев туулган.