КҮРД ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРД ТИЛИ – күрддөрдүн тили. К. т. Россия, О. Азия, Түркия, Иран, Ирак, Сирия, Афган­стан, Ливан мамлекеттерине тараган. Иран тил­деринин батыш тобуна кирет. Негизинен түн.-батыш (курманжи) ж-а түш.-чыгыш (сорани) ди­алектилерине бөлүнөт. К. т-нин жазмасы Иракта (араб графикасына негизделген) ж-а Россияда бар. Кийин 1921-жылдан орус алфавитине негизделген.