КҮРДСТАН ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРДСТАН ТООЛОРУ , К ү р д т о о л о р у Армян ж-а Иран тайпак тоолорунун ашташкан жеринде, Түркия, Иран ж-а Ирактын аймакта­рында жайгашкан. К. т. кырка тоолордун ж-а тоо массивдеринин татаал тармактарынан ту­рат; эң бийик жери 4168 м (Жило чокусу). Кыры жайпагыраак, капталдары тик, капчыгайлар көп; эң бийик кырларында (альп тибиндеги) чакан мөңгүлөр бар. Климаты субтропиктик; жаан-чачыны түш.-батыш капталдарында 1000–3000 мм, түн.-чыгыш беттеринде 400–700 мм. Түш. капталдарында жер ортолук деңиздик токой ж-а бадалдар (маквис, эмен токою, мисте ж-а арча сейрек токою), түн. беттеринде тоо-та­лаа өсүмдүктөрү өсөт. Жайпак чокуларын альп шалбаасы ээлейт. Көчмөн мал чарбасы мүнөздүү; дарыя өрөөндөрүндө бак-дарак, буудай, жүгөрү, арпа өстүрүлөт. К. т. көбүнчө Армян Тавр тоо­лору деп аталат.