КҮН ЭНЕРГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮН ЭНЕРГИЯСЫ – Күн радиациясынан алын­ган энергия. 1 км2 аянтка түшкөн энергиясы 4 миң МВтка барабар, аны м-н анча чоң эмес шаарды жылуулук ж-а жарык м-н камсыз кы­лууга болот. К. э. үйлөрдү жылытууда Күн коллекторунда ж-а жарым өткөргүч материалынан жасалып, электр энергиясын алуу үчүн Күн ба­тареясында, Күн электр станциясында колдо­нулат. К. э-нан жылуулук, электр ж. б. энергия­нын булактарын алууда айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт, тескерисинче калыбына келтирилүүчү энергия болуп эсептелет. К. э. – башка бардык энергия түрлөрүнүн (атом энергиясын кошпогондо) булагы (к. Күн).