КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮН ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ – Күн радиациясынан электр энергиясын алуу үчүн колдонуучу түзүлүш. Күзгүлүү системанын жардамы м-н чо­гултулган күн нуру буу казанына багытталат. Ал жерде пайда болгон буу турбогенераторду аракетке келтирүү үчүн колдонулат. Буу каза­нынын ордуна термоэлектр генераторун пайда­ланууга болот. К. э. с-нын п. а. к. 15%тен аш­пайт, салыштырмалуу кубаттуулугу жылуулук электр станциясына (ЖЭСке) караганда бир канча жогору.