КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ
КҮН ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ – Күн радиациясынан электр энергиясын алуу үчүн колдонуучу түзүлүш. Күзгүлүү системанын жардамы м-н чогултулган күн нуру буу казанына багытталат. Ал жерде пайда болгон буу турбогенераторду аракетке келтирүү үчүн колдонулат. Буу казанынын ордуна термоэлектр генераторун пайдаланууга болот. К. э. с-нын п. а. к. 15%тен ашпайт, салыштырмалуу кубаттуулугу жылуулук электр станциясына (ЖЭСке) караганда бир канча жогору.