КҮНҮМДҮКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮНҮМДҮКТӨР (Ephemeroptera) – муунак буттуулар тибинин курт-кумурскалар классынын бир түркүмү. К. өтө байыркы жандыктар тобу­на кирет. Өтө жөнөкөй түзүлүштүү канаты бар, уз. 2–40 ммге жетет. Алдыңкы канаты арткысынан чоңураак. Кээ биринин арткы канаты болбойт. Курсагынын арткы бөлүгүндө 3 куй­рук жипчеси бар. Анын имагосу азыктанбайт, оозу толук жоюлган. Ичегилери аба капчыкча­сына айланган. К. өтө жай учат. К-дүн дүйнө б-ча 2000ден ашык түрү белгилүү. КМШ өлкөлө­рүндө 200дөн ашык түрү тараган. Негизинен суу жээгинде кездешет. Имагосу бир күндөн бир нече к үнгө че йи н жа - шайт. Толук эмес өөрчүү жолу м-н көбөйөт. Уруктандыр гандан кийин эркеги өлөт, ургаачысы бир нече миң жумур­ткасын сууга тууйт. Тирүү туучу түрлөрү да кездешет. К. 3 жылда 25тей жолу түлөп, имагого айланат. К. – балыктын негизги азыгы