КҮНГӨЙ-КОЖОКЕ
КҮНГӨЙ-КОЖОКЕ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Н. Исанов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1440 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 20 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 62 км. Калкы 3985 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар жайгашкан.