КҮНГӨЙ АЛА-ТОО
КҮНГӨЙ АЛА-ТОО – Түн. Теңир-Тоодогу кырка тоо. Каркыра өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин кеңдик багытта 285 кмге созулат. Түштүгүнөн Ысык-Көл, түндүгүнөн Чоң-Кемин ж-а Челек мегасинклиналдары м-н чектешет. Кемин-Челек тоо тоому аркылуу Иле Ала-Тоосу м-н туташат. Басымдуу бөлүгү Ысык-Көл р-нунун аймагында. Орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4770 м (Чок-Тал чокусу). Тоо кескин асимметриялуу: түш. капталы жантайыңкы, узак (15–20 км), түндүгү тик, чукул (6–9 км). К. А.-Т-до тектон. көтөрүлүүдөн пайда болгон рельефтин 3 ярусу бар. Жогорку ярусу палеозойдун аягынан миоцендин башталышына чейин пайда болуп, тоо кырларында (4000–4400 м, батыш жагында 2400–3800 м бийикте) пенеплен калдыктары
түрүндө кездешет. Калган эки (ортоңку, төмөнкү) ярусу неоген-антропогенде калыптанып, тектон. кыймылдын көчүшүнөн К. А.-Т. бийик тоого айланган. Адегенде (Рg–N1) тектон. Көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02–0,04 мм болсо, кийин жылына 3–6 ммге жеткен. Антропоген мезгилинин орто ченинде тоолордун абс. бийикт. 3600–4000 м болгон. Андан бери да тектон. кыймылдар токтобой, чоң кыйроолор жүргөн, көлдөр пайда болгон. Буга Верный (1887), Челек (1889), Кемин (1911), Кемин-Чүй (1938) ж. б. жер титирөөлөрү далил болот.
К. А.-Т. – геол. структурасы татаал мегантиклиналь. Түндүгүнөн Челек-Кемин мегасинклиналынын тектон. жаракалары м-н чектелип, түштүгүнөн тектон. жаракалар аркылуу Ысык- Көл мегасинклиналына такалат. Тоону негизинен кембрийге чейинки метаморфизмделген тоо тектер, палеозойдун башталышындагы жанар тоо-терриген ж-а карбонат катмарлары, девондун порфирит-туфтуу формациясы, карбондун башталышы м-н ортосунда пайда болгон терриген-карбонат чөкмөлөрү түзөт. Тоонун көп бөлүгүндө кембрийге чейин ж-а палеозойдун башталышында пайда болгон гранитоид интрузиялары, чулу тоо тектердин үстүндө кайнозойдун континенттик борпоң чөкмөлөрү кездешип, айрымдары жер көчкүлөрдүн рельефин түзөт. К. А.-Т-до бири-биринен келишпестик беттери м-н бөлүнгөн структуралык кабаттар (палеозойго чейинки фундамент, каледон ж-а альп структуралары) бар. Кен байлыктарынан палеозойдун гранитоиддери м-н байланыштуу болгон полиметалл, молибден, вольфрам, жездин чакан кендери белгилүү. Мындагы табигый курулуш материалдары жерг. курулуштарда ж-а жол салууда кеңири пайдаланылууда. Карбон мезгилинин акиташ теги кенинин базасында респ-дагы ири ишкана – Күрмөнтү цемент з-ду иштейт.
Төртүнчүлүк мезгилде К. А.-Т-ну ири мөңгүлөр ээлеп, азыркыдан (370,7 км2) кыйла чоңдук кылган. Бул мөңгү чөкмөлөрү Чолпон-Ата м-н Чоң Ак-Суу сууларынын ортосунда неоген катмарынын үстүндө жатып, Чолпон-Ата морена комплексин түзөт. Ал Чолпон-Ата суусунун (Теке- Төр) нугунан 560 м калыңдыкта жатат. Азыр мөңгү аз. Алар негизинен Кемин-Челек тоо тоомунда жайгашкан. Мөңгүлөрдөн көп суу башталат. Тоодогу өрөөндөрдүн төмөнкү бөлүктөрү кууш (терең капчыгайлуу), жогорку жагы

байыркы мөңгүнүн таасиринен тепши сымал. Байыркы мөңгү шилендилерин (мореналарын) ж-а тоо этегиндеги неогендин үстүн каптап турган мөңгү таштардын калдыктары Теңир-Тоонун башка аймактарынан анча байкалбайт.
Тоонун ландшафттары бийиктик зоналуулугуна ж-а каптал экспозициясына жараша өзгөрөт. Түн. капталы нымдуу (жылдык жаан-чачыны 700 мден кем эмес), өсүмдүктөрү жыш, күнгөйү каксоо. Кырка тоонун түш.-батыш учуна (Балыкчынын тегереги, Боом капчыгайынын кептеш жерлерине) таштак чөл ландшафты мүнөздүү. Күнгөй бетиндеги жарым чөлдө (1900–2400 м бийикке чейин) чий, ак шыбак, чекенди, терскен ж. б. өсүмдүктөр басымдуу. Талаа алкагы (батышында 2400–2900 м, чыгышында 1900–2400 м) чопо ж-а кум аралаш коңур топурактуу келип, кызыл от, шыбак, бетеге, айгыр жыгар ж. б. өсөт. Чыгыш бөлүгүндө андан жогору мезофилдик ландшафт мүнөздүү, кокту-колоттордо, терең капчыгайларда түрдүү бадал, карагай токой (Чолпон-Ата суусунан чыгышты карай, өзгөчө Чоң ж-а Кичи Ак-Суу алаптарында) көп. 2800–3000 мден жогору субальп, альп шалбаалуу талаа (батышында), шалбаа (чыгышында) ландшафттары өнүккөн. К. А.-Т-нун тескейи күнгөйүнөн кескин айырмаланат. Тоонун этегинен тартып чокусуна чейин мезофилдик же нымдуу ландшафттар басымдуулук кылат. Төмөнкү алкак (1500–2000 м) кара коңур ж-а кара топурактуу; ага буудайык, кой жалбырак, ат кулак, түлкү куйрук, теңге чөп, каз таман ж. б. өсүмдүктүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Токой Жалгыз-Тал м-н Орто-Кой-Суу сууларынын аралыгында, 2000–2800 м бийикте туташ тилкени түзүп, негизинен карагай, арча, ыргай, четин, аларга шалбаа чөптөр аралаш өсөт. Андан жогорку (2900–3100 м) шалбаалуу субальп алкагында түлкү куйрук, шимүүр, каз таман, байчечекей, көбүргөн, чыйпылдак, тулаң,
өлөң чөп ж. б. басымдуу. Альп шалбаа алкагы (3100–3400 м) кыска чөптүү, андан жогору нивалдык-гляциалдык алкак мүнөздүү.
К. А.-Т-догу ашуулар (Байсоорун, бийикт. 3780 м; Сүттүү-Булак, 3900 м; Кууганды-Төр,
3800 м; Ак-Суу, 4150 м; Дөрө, 3734 м; Тору-Айгыр, 3250 м; Калмак-Ашуу, 3500 м ж. б.) Ысык- Көл өрөөнүн Алматы ш., Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрү м-н байланыштырат.
Ад.: Исаков К. Растительность бассейна реки Чон Кемин. Ф., 1959; Аширахманов Ш. Почвы Кеминской долины. Ф., 1963; Токомбаев Ш. Чоң Кемин өрөөнү. Ф., 1964; Климат Киргизской ССР / Под ред. З. А. Рязанцевой. Ф., 1965; Справочник по климату СССР. Вып. 1–34. Л., 1964–75; 2. История физико-географических станций и постов. Ф., 1965; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргызстан географиясы / Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2004; Качаганов Ш. Геоморфология и палеогеография бассейна р. Чон-Кемин в четвертичное время. Б., 2011. Ш. Качаганов.
