КҮНГӨЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮНГӨЙ , ч а г а т, к ү н ө с – күнөс жер же тоонун күн тийген, түш. капталы. Тескей бетке караганда каксоо, кургак ж-а жылуу келет. Токой аз өсөт. Мал чарбасында кыштоо катары мааниси зор. Геогр. аттардын курамы катары да кездешет: Күнгөй Ала-Тоо, Күнгөй-Тоо (Кыр­гыз Ала-Тоосунун түш. тармагы), Күнгөй (Кадамжай р-нундагы кыштак) ж. б.