КҮН БАТАРЕЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮН БАТАРЕЯСЫ – Күн нурунун энергиясын түздөн-түз электр энергиясына өзгөртүүчү жарым өткөргүчтүү фотоэлектр генератору. К. б. констр. түзүлүшү б-ча Күн элементтеринен (КЭ) турган жалтырак кабык м-н капталган жалпак панел түрүндө болот. Селенден жасалган алгачкы К. б. 1920-жылдарда пайда болгон. КЭнин саны бир канча жүзгө, панелдин аянты ондогон м2, чы­ңалуусу ондогон Вко, кубаттуулугу ондогон кВтка жетет. Жарым өткөргүчтүү материалдар­дын (кремний кристаллы) эки катмарынан ту­рат ж-а жарык экинчи бөлүктүн чегине чейин жетип, электрондорду кыймылга келтирип, ток

Чагылткычтын иш­төө принциби.

пайда кылыш үчүн үстүнкү катмары жука болуш керек. К. б. – космосто учуучу аппараттардын өзүнчө электр энергиясын алышынын негизги булагы. О. эле орбитанын көлөкө бөлүгүн­дө колдонулуучу электр хим. аккумуляторлор­ду заряддайт. Жерде көчмө радиостанцияда ж-а радио кабыл алгычта энергия булагы катары колдонулат. К. б-нын жалпак же ичин көздөй кабырылган панели – к ү н к о л л е к-т о р у. Ал – ийилчээк кара түтүктөрдүн, үй чатырына жылан сымал орнотулган ысык суу м-н камсыз кылуучу системанын жакшыртылган түрү.