КҮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮНсутканын жарык бөлүгү; Күн чыккандан батканга чейинки убакыт, б. а. Жер өзүнүн огунда айлануусундагы жарык тийип турган бөлүгү. К-дүн узактыгы геогр. кеңдикке жара­ша болуп, Күндүн жантайышына карата өзгөрөт. Экватор кеңдигинде К-дүн узактыгы жыл бою бирдей болуп, 12 саатка барабар. Түн. ж-а түш. жарым шарда (уюлга чейин) Күндүн жантайы­шына жараша эң узун К. (21-июндун тегереги) ж-а эң кыска К. (22-декабрь ченде) болот, к. Күн­дүн узактыгы, Сутка.