КҮМҮШ-АЗИЗ
КҮМҮШ-АЗИЗ – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Ырыс айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 715 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 2 км түн. тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 6 км. Калкы 4302 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Ачык типтеги «Достук» АК (Россия, Кырг-н), мамл. каттоо ишканасы, райондук электр ишканасы, тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү иштейт. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП, окуу комбинаты бар.