КҮМҮШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮМҮШ (лат. Argentum), Ag – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы хим. эле­мент; ат. н. 47; ат. м. 107,870; асыл металлдар­га кирет. Жаратылышта К. эки (Ag107 ж-а Ag109) туруктуу изотоптун аралашмасынан турат. Таза К. мындан 3 миң жыл мурун Египетте, Персияда, Кытайда белгилүү болгон. К. – алтынга салыштырганда активдүү, жер кыртышында ал­тынга караганда 1,5 эсе көп, эркин абалда аз кездешүүчү элемент. К-түн саны жер кыртышынын 6–106 %ин (массасы б-ча) түзөт. К. табиятта аргентит Ag2S (күмүш жалтырагы), пираргирит Ag2SbS3, прустит Ag3AsS3 минералдары түрүндө, айрыкча алтын, жез, коргошун кендери м-н бирге кездешет. Таза К. – өтө жумшак, ак түстөгү металл; башка металлдарга караганда жылуулукту ж-а электр тогун жакшы өткөрөт; тыгызд. 10,5 г/см3; кайноо t 2212°С; эрүү t 960,5°С. Бирикмелерде I валенттүү; II ж-а III валенттүү К. бирикмелери да белгилүү. Хлор м-н нымдуу чөйрөдө 80°Сде, ал эми кургак хлор м-н 300°Сде реакцияга кирет; фтор м-н жогорку темп-рада аракеттенет. Кадимки темп-рада кычкылдан­дыргыч катышпаса, HCl, HBr, HI К-кө таасир этпейт. Кадимки шартта хим. жактан анча ак­тивдүү болбогондуктан, кычкылтек таасир эт­пейт. Жогорку темп-рада ж-а басым астында кара күрөң түстөгү К. оксиди Аg2О пайда болот. Бөлмө темп-расында галогендер ага акырындак м-н таасир этип, К. галогениддерин AgF, AgCl, AgBr, AgJ берет. О. эле ак түстөгү, сууда тез ажырай турган гидриди АgH, оңой жарылуучу кара түстөгү нитриди Ag3N, карбиди Ag2C2 бел­гилүү. К. м-н сууда эрибей турган сульфидди Ag2S пайда кылат. К. азот к-тасында, концент. ысык күкүрт к-тасында, падыша арагында эрийт. Орто к-талар, щелочтор таасир этпейт. Көпчүлүк туз­дары сууда эрибейт. Суутек ж-а азот м-н К. түздөн-түз бирикпейт. Ag2Oнун аммиактуу эритме­сине ацетонду ж-а спиртти таасир эткенде нитрид Ag3N пайда болот. AgNO3 эритмесине гид­разинди таасир этүүдөн азиди Ag2N3 алынат. Бөлмө темп-расында К. күкүмүнө же К. туздарынын эритмесине ацетиленди таасир этүүдөн карбиди Ag2C2 алынат. Өтө жогорку темп-рада фосфор м-н Ag3P пайда кылат. К-кө орг. к-талар ж-а щелочтор таасир этпейт. Нитраттар, сульфаттар, тиосульфаттар ж-а металлдардын хлориддери К. м-н эриген (балкыган) абалында гана реакцияга кирет. К-түн нитраты, фтори­ди, перхлораттан башка туздары түссүз ж-а уу. Ал ысык концент. күкүрт к-тасында К. сульфатын ж-а күкүрттүү ангидридди пайда кылуу м-н эрийт. Муздак, суюлтулган азот к-тасы м-н бөлмө темп-расында нитратты ж-а азоттун кыч­кылдарын пайда кылуу м-н аракеттенет. К. не­гизинен куйма түрүндө колдонулат; куймасы зер­гер ж-а турмуш-тиричиликте колдонулуучу буюм, тыйын, лабор. идиштерди жасоодо, ме­таллдарды ж-а радиотетиктерди каптоодо, күмүш-цинк аккумуляторлорун жасоодо пайда­ланылат. о. эле орг. эмес ж-а орг. синтезде ката­лизатор катары да колдонулат. К-түн иону бак­терияларды жок кылат. Анын өтө кичине кон­цент. ичүүчү сууну тазалайт.

Г. Турдубаева.