КҮЛҮК-ДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЛҮК-ДӨБӨ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кербен айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 1300 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кербен ш-нан 5 км түн.-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 80 км. Кыштак 1933-ж. негизделген. Калкы 2179 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, медпункт бар.