КҮЛ ТОПУРАК
КҮЛ ТОПУРАК – күлгө айлануу процессинин натыйжасында пайда болуучу топурак тиби. К. т-та темир, марганец жуулуп, кремнезём калдыктары көбөйгөндүктөн горизонттун кызгылт күрөң же саргыч күрөң түсүнүн ачык боз же агыш күл сымал түстө, азык заттар, кычкылдуулугу төмөн болот. Токою кыйылган К. т-туу жер жакшыртылып, а. ч-га пайдаланылат.