КҮЛТЕГИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЛТЕГИН – байыркы орхон түрктөрүнүн ташка жазылган 8-к-га таандык руникалык эсте­лиги. Аны 1889-ж. Орхон д-нын жээгиндеги Ко­шо-Цайдам деген жерден (Моңголия) Н. Я. Яд­ринцев тапкан. Эстелик таштын бийикт. 3,15, туурасы 1,34, калыңдыгы 0, 41 м. 1893-ж. дания­лык окумуштуу В. Томсен Орхон жазма эсте­ликтерин окуй турган ачкычын тапкан соң, анын түрк тилинде жазылганы аныкталган. В. В. Радлов тактагандан кийин ал түрктөрдүн аскер башчысы Күлтегиндин (б. з. 684–731) баатырдык иштерине арналып жазылган дастан ж­а жанына чарчы (10,25x10,25) түрүндө курулган күмбөз ага тиешелүү экени белгилүү болгон. Эс­телик ташта баян түрүндө эки жазуу сакталып калган. Алар кичи ж-а чоң жазуулар деп ата­лып, биринчиси 13, экинчиси 53 көлөмдүү сап­тан турат. Эки жазууда тең маанилүү окуялар баяндалган. Кичи жазууда негизинен Күлтегин­дин түрк элине кайрылып айткан акылы, түрктөрдүн жеринин кооздугу, кеңдиги, Билге кагандын эрдиги ж-а бул дастанды жазуунун себептери сүрөттөлөт. Чоң жазууда түрк элинин ата-бабалары Ильтериш (к. Эльтерес каган), Бумын,-.Истеми кагандар, Күлтегиндин өзү ж-дө баяндар ж-а жер м-н көктүн, адам баласынын жаралышы тууралуу филос. ойлор айтылган. Түрктөргө жоо болгон табгач (тоба), тогуз огуз, кыргыз, курыкан, отуз татар, кытаң (кара кы­тай), татабилерге 47 жолу жортуул жасап, чы­гышы Жашыл Өзөн, Шантуң, батышы Темир-Капкага чейин жеткени ж-а Көгмөндү ашып кыргыздарды чапканы, о. эле Күлтегин кайтыш болгондо бүткүл түрк элинин, аза күткөнү аза күтүү зыйнатына төгөрөктүн төрт бурчунан ка­дырман кишилер келгени ж-дө маалыматтар бар. К. эстелигиндеги жазуу түрк, огуз, кыргыз, он ок сыяктуу Борб. Азиянын элдеринин тары­хын окууда өтө маанилүү эстеликтердин бири болуп эсептелет.

Күлтегиндин стелласы


Ад.: Киселёв С. В. Древняя история Южной Сибири.М., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. М.; Л., 1959; он же, Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л., 1959; Орхон-Енисей тексттери. Ф., 1982.