КАРАБЕКОВА Жамиля Усенгазиевна
КАРАБЕКОВА Жамиля Үсөнгазиевна (4. 12. 1951-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) – биология илимдеринин доктору (2010). В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтун бүтүргөн (1973). 1973- жылдан КР УИАнын биология жана топурак таануу институтунда ага лаборант, кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, 2003-жылдан омурткасыз жаныбарлардын зоологиясы лабораториясын жетектеген. Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти (2010). 1979–80-жылдарда СССР ИАнын Ленинграддагы зоология институтунда, 1983–85-жылдарда СССР ИАнын Москвадагы гельминтология институтунда балыктардын мителери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.20.. -жылдан КР УИАнын Биология институтунун директору. Кыргызстан ж-а Орто Азиянын жаныбарлар дүйнөсүн изилдөөдө белгилүү салым кошкон. Моногенеялар классы боюнча Орто Азиядагы жалгыз адис. «Кыргызстандын генетикалык фондунун кадастрынын» ж-а «Биология энцклопедиясынын» түзүүчүсү жана жооптуу катчысы. 50дөн ашык илимий иштери, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн.
Эмг: Моногенеи рыб Казакстана и Средней Азии. А.-А., 2001; Моногенеи естественных водоемов Средней Азии. Б., 2009.