КЛЕТКА
КЛЕ́ТКА – бардык тирүү организмдердин түзүлүш ж-а тиричилик аракетинин негизи; өз алдынча жашоо, көбөйүү ж-а өөрчүүгө жөндөмдүү эң жөнөкөй тирүү система. Клетка өз алдынча организм түрүндө (бактериялар, жөнөкөйлөр, кээ бир балырлар ж-а козу карындар) же көп клеткалуу өсүмдүк ж-а жаныбар тканынын курамында болот. Вирустар клеткалык организм эмес. Клетканын өлчөмү 0,1–0,25 мкмден (бактерия) 155 ммге чейин (төө куштун жумурткасы) болот. Клетка сыр-

тынан плазма мембранасы м-н капталган протоплазмадан – ядро ж-а цитоплазмадан турат. Бардык клеткалардын генетикалык аппараты бар. Ал эукариоттук клеткаларда ядродо жайгашкан. Прокариоттун ядросу жок, генетикалык материалы цитоплазмада эркин жайгашкан. Клетка бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Жыныс клеткасы мейоздук бөлүнүүдө пайда болот.

Эукариоттук клетканын цитоплазмасында ар бири белгилүү функция аткарган органоиддери бар: рибосомалар, митохондриялар, эндоплазма торчосу, Гольжи аппараты, лизосомалар,клетка мембранасы. Булардан башка клетканын формасын, ички скелетин түзүүчү структуралар микротүтүкчөлөр, микрофибриллдер ж-а кошундулар болот. Клетканын органоиддеринин мембраналуу болушу эң кичине көлөмдүү клеткада бир эле мезгилде бир нече процесстердин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Эукариоттук клеткалар м-н прокариоттордун ортосунда айырмачылык м-н катар окшош жактары да бар: экөөндө тең бирдей функция аткаруучу плазма мембранасы,клетка кабыкчасы, белок синтездөөчү органоид – рибосома, генетикалык материал –ДНК, зат алмашууга катышуучу фермент аппараттары ж. б. бар. Бул окшоштуктар алардын клеткалык түзүлүштөгү организмдер экенин далилдейт. Эукариот клеткалар түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөрү боюнча жаныбар ж-а өсүмдүк клеткаларына бөлүнөт. Өсүмдүк клеткасынын плазма мембранасынын үстүндө катуу клетка кабыкчасы бар. Адистештирилген өсүмдүк клеткасында бир нече же борбордук бир вакуолу болот. Вакуолдо туз, органикалык кислоталар, углеводдор, алкалоиддер ж. б-дын эритмеси болуп, өсүмдүктүн суу алмашуусунда ролу чоң. Бир эле организмдин орган ж-а ткандарынын клеткалары аткарган кызматына байланыштуу өзгөчө түзүлүштө болуп, ошолорго гана мүнөздүү органоиддери болот. Мисалы, булчуң клеткаларынын миофибриллдери, нерв клеткаларынын нейрофибриллдери, жашыл жалбырактын клеткаларынын хлоропласттары ж. б. Ядросу жок клеткалар да кездешет (эритроциттер, тромбоциттер). Клетканын түзүлүшү, формасы ар түрдүү. Өзгөрүлмө (амёба, лейкоциттер) ж-а туруктуу формадагы клеткалар да болот. Инфузория, эритроцит ж-а нерв клеткалары өзүнө гана мүнөздүү туруктуу формада болот. Алардын формасы беттик тартылышка, жанаша жатканклеткалардын таасирине, жайгашкан чөйрөсүнө байланыштуу. Өсүмдүк ж-а жаныбар ткандарынын клеткалары бири бирине жасаган кысымдардын таасиринен көп кырдуу. Клетка жонундөгү илим – цитология.