КИЧИ ЖЕТИГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:20, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ЖЕТИГЕН (лат. Ursa Minor) – асмандын Түндук жарым шарындагы уюлга жакын жаркы­рак жылдыздар тобу. Эң жарык жылдыздары чөмүчкө окшош фигураны түзүп, сабынын учун­дагы четки жылдызы – Алтын казык, ал дүйнө­нүн Түндук уюлуна жакын жайгашкан. Ошондой эле чө­мүчтүн башындагы эки жарык жылдыздын бири – Кохаб – Жерден болжол м-н 95 жарык жылы аралыкта, экинчиси y Ферхад ж-а анын жандоочу­сун (Астеризм) куралсыз көз м-н көрүүгө болот.