КЕНДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДО́ – кылыч м-н машыгуу боюнча япон тай­маш өнөрү. Ал байыртадан эле, Токугава динас­тиясынын мезгилинде (1603–1867) япон аскер­леринин даярдыгынын негизи болгон. Ошол учурда бүгүнкү күндөгү машыгуунун негизги түрлөрү (бамбук кылыч «синай» м-н жыгач «бок­кен»), ошондой эле коргонуу жабдыктары пайда бол­гон. Мейдзинин (1868–1912) доорунда Япония­да коомдон касталык бөлүнүү жоюлуп, кылыч алып жүрүүгө ж-а кендо м-н машыгууга тыюу са­лынган. 1895-жылы жалпы япон таймаш күрөш­төрүнүн федерациясы, 1952-жылы кендонун япон фе­дерациясы түзүлүп, бул спорт түрү кайрадан жандана баштаган. Спорттук таймашта кылыч ышкыбозу серпилгич бамбуктан жасалган кы­лыч (таякты) кармап, башын, төшүн ж-а ко­лун коргоочу атайын жабдыктарды колдонот. Каршылашынын денесине таамай тийгизген ык­маларды аткаргандыгы үчүн упай топтойт. Учур­да кендо белгилүү спорт түрү гана болбостон, япон мектептеринде дене тарбия сабагынын өзөгүн түзөт.

Б. Үсөнканов.