КЕНДИРБАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДИРБАЕВА Жумагүл Жумаевна (23. 1. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды- Суу айылы) – геология-минералогия илимдеринин доктору (2004), профессор (2006). ФПИни (1971) бүтүргөн. «Кыргызгипроводхоз» долбоорлоо институтунда инженер (1971–73), Кыргыз ССР ИАнын сейсмология институтунда инженер, илимий кыз­маткер (1973–90), КРдин саламаттык сактоо ми­нистрлигинин алдындагы «Бейиш» элдик ме­дицина борборунда жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы, директордун илимий иштер боюнча орун басары (1991–2001), И. Арабаев атындагы КМУнун доценти (1991), И. Раззаков атындагы КТУнун профессору (2006), Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору (2007) болуп иштеген, КРдин саламаттык сактоосунун отличниги (1999). 150 илимий эмгектин, анын ичинде 2 мо­нография, 8 патенттин автору. Илимий иштеринин негизги багыты: тоолуу аймактарда табигый шарттын өзгөрүшүнөн суу ресурстарынын тар­тылуу же суу каптап, топурак кыртышынын сазга айлануу проблемалары.