КИКБОКСИНГ
КИКБО́КСИНГ (англ. kick – бут м-н тебүү ж-а boxing – бокс) – чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) ж-а англис боксунун негизинде түзүлгөн спорт түрү. Кокбоксингтин эрежеси боюнча таймашта атаандашына багытталган кол м-н буттун соккулары күчтү толук колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут м-н иштөө ыкмалары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокстан алынган. Кикбоксинг машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат. Ал АКШда ж-а Батыш Европада 1970–75-жылдары пайда болгон. Учурдагы кикбоксингде жети негизги багыт бар: лайт-контакт, семи-контакт, фул-контакт, лоукик, тай- кикбоксинг, ошондой эле жакында эле пайда болгон жекече таймаш ж-а киксбоксинг-
деги аэробика. Бүгүнкү күндө киксбоксинг боюнча мелдештер бир нече уюм м-н өткөрүлөт. Бул иш -чаралардын негиздөөчүсү – Эл аралык профессионалдык каратэ федерациясы (1968-ж. түзүлгөн). Кикбоксингдин ири уюму –WAKO (эл аралык киксбоксинг уюмдарынын ассоциациясы).
Ага 89 өлкө мүчө. Ал Киккоксингди сүйүүчүлөр ж-а профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионалдар арасында мелдештер эркин «хронологиялык схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рейтинг системасы) боюнча жүргүзүлөт. Ал боюнча спортчу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салмагы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) боюнча чемпиондукка талапкер катары саналат. Андан кийин талапкер бул салмактагы чемпион м-н беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат. К. жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак ж-а таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу каражат), кыз-келиндер үчүн төшүн коргоочу атайын кошумча калканчтар кирет. К. сүйүүчүлөрдүн таймашы 2 миндан 3 раунд болот. Профессионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 раунд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт. Кыргызстанда кикбоксинг 1990-жылдардын башынан өнүгө баштап, көптөгөн спорт клубдары (Гермес-Профи ж. б.) ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор салым А. Воинов, Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кыргызстандык спортчулар – Ш. Шадманов (Кыргызстандан алгачкы дүйнө чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. Абасов, А. Порсуков, А. Ибраев, К. Сыдыгалиев ж. б. Республиканын 1-чемпионаты 1996-ж. Бишкекте өткөрүлгөн.
Ад.: Линдер И. Б., Оранский И. В. Боевые искусства Востока. Маленькие «секреты» больших школ. М., 1992; История боевых искусств. От нового света до Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гагонин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999; Тарас А. Е. Французский бокс сават: история и техника. Минск, 2001.
Б. Үсөнканов.