КЕРИМБЕКОВ Акылбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 17 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРИМБЕКОВ Акылбек (10. 1. 1947-жылы туулган, Талас облусу, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы) – ма­тематик, физика-математика илимдеринин доктору (2003), профессор (2006), КРдин билим бе­рүүсүнүн отличниги (1996). КМУнун физика-ма­тематика факультетин бүтүргөн (1970–71), Жоон-Дөбө орто мектебинде математика мугалими (1970), ФПИнин илимий лабораториясында (НИЛСС) кенже илимий кызматкер (1971–72), КМУда окутуучу, улуу оку­туучу ж-а доцент (1972–92), И. Арабаев атындагы
КМПУда физика-математика факультетинин деканы (1992–98), Ж. Баласагын атындагы КУУда кафедра башчысы (1998–2006), 2006-жылдан КРСУда профессор. Жайылган параметрлүү системаларды оп­тималдуу башкаруу теориясы боюнча адис. 120дан ашуун илимий эмгектин автору.


Эмг.: Математические методы оптимального управ­ления электромагнитными колебаниями. Б., 1997; Нелинейное оптимальное управление колебаниями в линиях передач. Б., 2008.