КЕН БАЙЛЫКТАР
КЕН БАЙЛЫКТАР – жер кыртышындагы эл чарбасына керектүү минералдык заттар. Табигый түрдө (көмүр, кварц куму ж. б.) же кайрадан иштетилгенден кийин (талкалап, жанчып, майдалап тазартуу ж-а ылгап бөлүп алуу) пайдаланылат. Физикалык касиеттери боюнча катуу, суюк ж-а газ түрүндө жолугат. Курамы м-н эл чарбасында колдонулушуна карап 3 топко бөлүнөт: 1) к ү й ү ү ч ү кен байлыктар (каустобиолиттер) – нефть, күйүүчү газдар, көмүр, чым көң, күйүүчү сланецтер; 2) м е т а л л к е н д е р и – нукура металлдар (алтын, күмүш ж. б.), кара ж-а түстүү металлдар, сейрек кездешүүчү, радиоактивдүү металлдар ж-а алардын кенташтары; 3) м е т а л л э м е с кен байлыктар – химиялык (туз, гипс, күкүрт, апатит, фосфорит ж. б .) ж-а от м-н кислотага чыдамдуу заттар. Бирок мындай бөлүү шарттуу. Анткени булардын бир эле түрү эл чарбасынын ар кандай тармактарында кеңири колдонулуп калышы мүмкүн. Мисалы, нефть м-н күйүүчү газ химиялык өнөр жайдын негизги сырьёсу болуп эсептелет. Бокситтен алюминий өндүрүлөт, жасалма корунд алынат, жогорку сапаттуу цемент жасалат. Кен байлыктар Жердин ж-а жер кыртышынын өсүп-өнүгүү тарыхында, бардык мезгилде, ар түрдүү геологиялык процесстердин натыйжасында келип чыккан. Жаратылыштагы чогундусунан, топтолушунан к е н (к. Кен) пайда болгон. Кен байлык дын сапаттуулугу кондицияга көз каранды. Пайда болуу шарттары, орун алышы, магматизм, тектоника, стратиграфия, литология, геоморфология м-н байланышы кен издеп, чалгындоодо эң негизги маселелерден болуп эсептелет. Минералдардын физ.-хим. касиеттерин изилдеп, алардын ө. ж-да колдонулушун билебиз. Жаңы минералдарды ж-а алардын кендерин табабыз.