КИТ СЫМАЛДАР
КИТ СЫМАЛДАР (Сetacea) – сууда жашоочу сүт эмүүчүлөр түркүмү. Кит сымалдардын дене узундугу 1,1 мден 33 мге, салмагы 30 кгдан 150 тоннага чейин жетет. Дайыма сууда жашоого ыңгайланышкан. Денеси сүйрү, кош калактуу куйругу түз (горизонталдуу). Тери астындагы май катмары калың, жылуулукту сактайт. Жүнү, тери бездери, арткы буттары ж-а жамбашы жоголуп кеткен (редукцияланган). Типтүү жыт билүү органы жок, бирок хеморецепциясы ж-а угуусу жакшы өөрчүгөн. Алдыңкы буттары – көкүрөк сүзгүчтөрү же калакчалары жалпак, 4–5 манжалуу.
Мурун тешиги бирөө же экөө, төбөсүндө жайгашкан, дем алууда ж-а дем чыгарууда гана ачылат, көзү кичине, жаш бездери жок. Азыгын бүтүн бойдон жутат. Шилекей бездери жок. Карыны татаал, 8–14 бөлүмдөн турат. 2 түркүмчөсү (муруту чоң ж-а тиштүү киттер) белгилүү. Мурутчан ж-а тишсиз кит сымалдардын 3 тукуму (жылма киттер, чаар киттер ж-а боз киттер), тиштүү кит сымалдардын 4 тукуму (кашалоттор, тумшуктуу киттер, дельфиндер ж-а дарыя дельфиндери), 38 уруусу, 80ге жакын түрү бар. КМШ өлкөлөрүнүн сууларында 25 уруусу, 32 түрү кездешет. Алар Арктикадан Антарктикага чейинки
жайында муздак сууда семирет (май топтойт), ал эми кышында жылуу сууда көбөйөт. Жер которгону белгилөө же эн салуу м-н аныкталат. Муруттуу киттердин 5–10 миң км аралыкка барып, бирок ар качан экватордон ары өтпөгөндүгүн ж-а жыл сайын ошол эле аймакка кайта келери аныкталган. Тиштүү киттер – балыктар, баш буттуу моллюскалар м-н, муруттуу киттер негизинен планктон, рак сымалдар м-н азыктанат. Көбүнчө моногамдар. 2–6 жашында жыныстык жактан жетилет. Көпчүлүгү 1 жылга жакын көтөрүп, 2 жылда бир жолу бирден тууйт. Ургаачысынын жыныс жылчыгынын каптал жагында 2 упчусу болот. Атайын булчуңдардын жыйрылуусу м-н сүт баласынын оозуна бүркүлөт. Баласын сүт м-н 4 айдан (майда дельфиндер) 1 жылга чейин (кашалоттор) багат. 30–50 жыл жашайт. Көпчүлүк К. с-дын саны азайып, көптөгөн популяциялары (өзгөчө чоң киттердин) жоголуп кетүү чегинде болгондуктан, 18 түрү ж-а 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.