КЕСЕК ТОЮТ
КЕСЕК ТОЮТ – чөп өсүмдүктөрдөн даярдалган, клетчаткасы көп (25–45%) кургак тоют. Ага чөп, саман, топон, бүчүр ж. б. кирет. Мал кышкы тоют рационунун жарымына жакын тоют бирдигин ж-а аш болумдуу протеинди кесек тоюттан алат. Жаш малдын тоют сиңирүүчү органдарын өөрчүтүү үчүн аларды жаш кезинен эле кесек тоютка үйрөтөт. Чөптүн аш болумдуулугу жогору. Мисалы, 100 кг кара беде, кашка беде, эспарцеттин ж-а кызыл от чөптөрүндө 50дөн ашык тоют бирдиги бар. Чанактуу, кылкандуу чөптүн түрлөрү минерал заттарга, углеводдорго ж-а протеинге бай. Гумендик тоюттардан кылкандуу эгиндин саманы аш болумдуу келет. 100 кг буудай саманында 22, сулуунукунда 31, таруунукунда 40 тоют бирдиги бар. Күздүк эгиндерге караганда жаздык эгиндин саманы аш болумдуу келет. Саманды нымдап, минерал туздарды кошсо, мал жакшы жейт. Рациондогу кесек тоюттун өлчөмү малдын түрүнө, жашына ж-а кунардуулугуна жараша белгиленет.