КЕМИТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИТҮҮкошууга карама-каршы амал. Кемитүүнүн негизинде бир тектүү эки чоңдук боюнча ошол тектеги үчүнчү чоңдук аныкталат. Кемитүү – белгиси м-н белгиленет. Чыныгы сандардын көптүгүндө кемитүү а – b=d, мында а, b – чыныгы сандар, а – кемүүчү, b – кемитүүчү, d – айырма. Эгер а > b болсо, d – оң сан, а<b болсо, d – терс сан болот. Комплекстүү сандардын көптүгүндө (а+bi) –(c+di)= (a–c)+(b–d)i. Кемитүү векторлорго, тензорлор­го да колдонулат, к. Вектордук эсептөө, Тен­зордук эсептөө.