КЕМИН ВИСМУТ КЕНИ
КЕМИН ВИ́СМУТ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаарчасынан 17 км түндүк-чыгышта, Таза-Кемин тоосунун батышында, деңиз деңгээлинен 1390–1690 м бийикте. 1965-жылы табылган, 1967– 75-жылдарда изилденип, бааланган. Кен аймагы жогорку ордовиктеги штоктор м-н дайкалар жиреген алгачкы протерозойдун гнейс-граниттеринен түзүлгөн. Висмут минералдашуусу гнейс-граниттин гидротермден өзгөргөн (агартылган) зонасы м-н байланышып, үч зонага бөлүнөт. Зоналардын узундугу 400–850 м, туурасы 30–150 м. Бул зоналар бургулоо көзөнөгү м-н 290 м тереңдикке чейин изилденген. Зоналардын ичинде линза сымал кенташ тулкулары бар. Тулкулардын узундугу 15–53 м, калыңдыгы 1–10 м, жантаюсу боюнча узундугу 24–35 м. Негизги минералдары: кварц, висмутин, бисмит, пирит, галенит, халькопирит. Висмуттун өлчөмү 0,03–0,147%. Висмуттан башка алтын – 5,0 г/т, коргошун – 3,24%, күмүш – 300 г/т, жез – 1,13%, цинк – 0,1% кездешет.
Кенташтын запасы: С1 категориясы б-ча 52,3 – 2417,3 миң т, болжолдуу ресурсу – 3533,8 миң т. Висмуттун запасы: С – 77 т, С –1402 т, болжолдуу ресурсу 1837,2 т.