КЕМЕ КУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМЕ КУРУУ – оор өнөр жайдын бардык типтеги кемелерди куруучу ж-а оңдоочу тармагы. Кеме куруу алгач байыркы египеттиктерге таандык. Анда кеменин сыртын, башкача айтканда жээгин тактай м-н жы­гач тыгын аркылуу кынап бекитишкен. Мын­дай конструкция болжол м-н 6-кылымга чейин колдону­луп келген. 10-кылымда кеме куруу алгач тулкусун (карка­сын) тургузуу м-н ага тактайды кынап беки­тип, сырткы бетин жасоо ыкмасы тараган. Бул ыкма бара-бара чоң кемелерди курууга алып келген. 16-кылымда атайын кеме куруу архитектурасы пайда бол­гон. Темир тулкуга өтүү ж-а буу машинасынын


Кеме куруучу завод. Түштүк Корея.


ойлоп табылышы кеме курууда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Чоң кемелердин пайда болушу м-н кеме куруунун конструкциясы татаалданып, электр м-н ши­ретүү анын жумушун өтө тездетти. 19-кылымдын аягынан тарта кеме куруу өнөр жайында бир катар жаңы техникалар колдонулуп, технологиялык жаңы ыкма­ларды киргизүү м-н негизги иштер механика­лаштырылган ж-а автоматташтырылган.