КЕМБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́МБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ) – палеозой заманынын башталышындагы мезгил. 1835-жылы англиялык геолог А. Сэжвик өзүнчө мезгилге бөлгөн. Улуу Британиядагы Уэльс аймагынын латынча эски аты (Камбрия) м-н атаган. Мезгил мындан 570 млн жыл мурда, венд комплексинен кийин баш­талып, ордовик мезгилине чейин созулган (70 млн жыл). Тоо тек катмары астынкы, ортоңку, үстүнкү болуп, 3 бөлүмдөн турат. Кембрийдин башталышында жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн деңиз суусу каптап, фаунага бай чөкмөлөр (акиташ) калың катмарга айланган. Кызыл түстүү терригендүү акиташтар, туздар орун алган. Мезгилдин орто ченинде ж-а аягында суу тартылып, лагуна чөкмөлөрү пайда болгон. Мурдагы тектоникалык түзүлүштөр (байыркы платфор­малар, байкал бүктөлүү циклинен келип чык­кан геосинклиналдуу аймактар) мезгилдин орто­сунда өзгөрүүгө дуушар болгон. Геосинклинал­дуу аймактардан чөкмө тектер, эффузивдер, ин­трузиялар, платформалардан анчалык чоң эмес диабаздар орун алган. Мезгилдин башталышын­да скелеттүү организмдер: археоциаттар, гас­троподдор, радиолярийлер, былпылдыктар, бра­хиоподдор, хиолиттер, кийинчерээк трилобит­тер, остракодалар, пелециподдор бардык жерге тараган. Мезгилдин аягында трилобиттер, ба­лырлар басымдуулук кылган. Кембрийдеги тоо тектер дүйнө жүзүнүн бардык бөлүгүндө (Урал, Кавказ, Казакстан, Орто Азия ж. б.) кеңири тара­ган. Фосфорит (Казакстан, Моңголия, Кытай), туз (Сибирь платформасы, Индия), нефть (Ир­кут облусу, Балтика бою), коргошун (Түндүк Афри­ка), марганец (Кузнецк Ала-Тоосу), ванадий (Кыргызстан, Казакстан) кендери кездешет.


Ад.: Стратиграфия СССР. Т. 3. Кембрийская система/Под ред. Н. Е. Чернышевой. М., 1965; Роза­нов А. Ю. и др. Томмотский ярус и проблемы нижней границы кембрия. М., 1969; Жамойда А. П. Совре­менные проблемы международной (общей) стра­тиграфической шкалы //Литосфера. 2005, № 1 (22).