КЕЛЬТЕМИНАР МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛЬТЕМИНАР МАДАНИЯТЫ – Аму-Дарыя­нын сол жээгинде, Зеравшан жана Сыр-Дарыя­нын төмөнкү бөлүгүндө, Аму-Дарыя жана Сыр-Дарыянын ортосундагы неолит дооруна (биздин заманга чейинки 6–3-миң жылдык) таандык археологиялык маданият 1946-жылы археолог С. П. Толстов изилдеген. Кара­калпакстандагы Кельтеминар каналынын аты­нан аталган. Казуу учурунда балыкчылар менен аңчылардын журту, оттук таш өндүрүүчү шах­танын орду, таш (анын ичинде бирюза) иштетүүчү уста­каналар, таш жана сөөк куралдар, чопо идиштер (түбү тоголок, ичке же жалпак, сырты оймо­-чиймеленип, ички бети кызыл же сары боёктор менен сырдалган) табылган. Кельтеминар маданияты үч этапка бөлүнөт. Д а р ы я-С а й этабы (эрте неолит; 6–5-миң жылдыктын ортосу) Төмөнкү Зеравшан­дагы Лявлякан көлүнүн аймагындагы эстелик­терди (ири жана майда пластиналар, геометриялык микролиттер – үч бурчтуктар жана трапециялар же «мүйүздүү трапециялар», кыргычтар жана башкалар) кам­тыйт.

1–11 – кремний курал­дар; 12 – сөөктөн жасалган уч; 13 –17 карапа идиштер.

Ж а н б а с с этабынан (өнүккөн неолит; 5-миң жылдыктын ортосунан – 4-миң жылдык­тын ортосуна чейин) локалдык топтор же өзүнчө маданияттар (акча-дарыялык топ, төмөнкү узбой маданияты жана башкалар) бөлүнүп чыккан. Бул этапка Акча- Дарыя районунан табылган чарчы жана сегиз бурч­туу жертөлөлөр, кыргычтар, жаа учтары (кель­теминар тибиндеги) жана башкалар таандык. Соңку н е о ­л и т этабында (4-миң жылдыктын аягы – 3-миң жылдык) Аму-Дарыянын Сары-Камыш дельтасынын аймактарында Тумеккичижик көрүстөнүнөн (өнүккөн энеолит доору) башы түндүк-чыгышты каратылып, чалкасынан жаткы­рылган 27 маркумдун сөөгү, жанынан сөөк шу­рулар, камандын тишинен жасалган илмектер, оттук таштан жасалган буюмдар табылган.
Четтери тегеректелип тосулган. Көмүлгөндөрдүн бир бөлүгү инди-жер ортолук деңиз расасынын жер ортолук деңиздик түштүк-чыгыш тибине таан­дык, башкалары европеоиддин түндүк тибине жа­кыныраак. Негизги чарбасы – балык уулоочу­лук, аңчылык, жыйноочулук, кийинчерээк мал чарбачылык, дыйканчылык пайда болгон. Кельтеминар маданияты жергиликтүү мезолит маданиятынын негизинде түзүлгөн. Кельтеминар маданиятынын салттары коло доорунун заманбабин маданиятында сакталган; анын өкүлдөрү Зеравшан­дын төмөн жагындагы малчылар жана дыйкан­дар (биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын 3-чейреги).