КЕЛИШИМ
КЕЛИШИМ – жарандык укукта эки же андан көп адамдын жарандык укуктарды ж-а милдеттерди (карыз, сатуу, сатып алуу, көтөрүп алуу ж. б.) белгилөө, өзгөртүү же жоюу жөнүндө макулдашуусу. Келишим оозеки, жазуу жүзүндө же нотариалдык формада жарандар, укуктук жактар ж-а мамлекет тарабынан түзүлөт. Келишимдин кээ бир түрлөрү тиешелүү мамлекеттик органдарда катталууга тийиш (мисалы, турак үйдү сатуу, сатып алуу келишими ж. б.). Келишим түзүү тараптардын өз ара мамилелеринин өзгөчөлүктөрүн, жекече мүдөөлөрдү эске алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле анын катышуучуларынын укугуна кепилдик берет. Келишимдин шартын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт, эгер аны тараптардын бири бузса, келтирилген зыяндын ордун төлөөгө тийиш. Келишим тышкы соода иштеринде да кеңири пайдаланылып, контракт деп аталат. Келишимди түзүү, аткаруу эрежеси мамлекеттин жарандык кодексинде каралган. Зарылдыгына жараша пландуу же плансыз келишим, түзүлүү тартибине жараша консенстүү (тараптардын макулдашуусу), реалдуу (мүлктү өткөрүп берүү талап кылынат, мисалы, ташуу, карыз, сактоо) ж-а формалдуу (кат жүзүндө же нотариалдык формада) келишим түзүлөт. Көпчүлүк келишимге акы төлөнөт, кээ бир келишимдер (белекке берүү, пайдаланууга берүү, сактоого коюу) акысыз болот. Келишим шарттарын аткарбагандык же толук аткарбагандык үчүн күнөөлүү тарап жарандык укуктук жоопко тартылып, мыйзамда же келишимде көрсөтүлгөн айыпты төлөйт же зыяндын ордун толтурат.