КОЛОННА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛО́ННА (французча colonne – латынча columna – түркүк) – имаратты тиреп жана ага көрк берип туруучу арх­итектуралык түркүк. Жөнөкөй тирөөч катары пайда болуп – Байыркы Египет жана Байыркы Грекия искусствосунда көркөмдөлүп– классикалык форма­га ээ болгон. Колонна архитектуралык ордердин ку­рамына кирет жана имаратты тик абалда кар­моо үчүн кызмат кылат. Колонна таш, бышкан кыш, бетон, болот, жыгач материалдардан жасалат.

Апамеядагы колоннада (Сирия). II кылымдын экинчи жа­рымы.

Колоннанын негизи, сөңгөгү, уч жагы (капители) бо­лот. Классикалык колонналардын уч жагы ичкерээк, орто жери (сөңгөгү) жоонураак болот. Архитектура­лык эстелик түрүндө өз алдынча турган колонналар бар – алар ар кыл айкелдик сүрөттөр, эсте­ликтер менен кооздолот. Катар турган бир нече колонна колоннада деп аталат. Кыргызстанда Бишкек шаарынын айрым имараттарында, Балыкчы, Жа­лал-Абад шаарларына кире бериште жана башка колонналар тургузулган.