КЕЛАНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛА́НГ – Малайзиядагы шаар. Селангор шта­тында (султанат). Малакка жарым аралынын жээгинде, Инди океанындагы Малакка кысыгына Ке­ланг дарыясы куя бериште жайгашкан. Өлкөнүн бор­бору Куала-Лумпурдан 30 км түштүк-батышта. Калкы 1,1 млн (2008). Борбор шаар агломерация­сынын курамына кирет. Куала-Лумпурдун де­ңиздеги аванпорту, өлкөнүн эң ири деңиз порту (2005-жылы 110 млн т жүк ташылган ). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шаар 1643-жылы негиз­делген. 1874–80-жылдарда Малаккадагы Британия адм­инистрациясынын борбору. Музей (1984), Королдук сүрөт га­лереясы (1999), «Крис» монументи (1985), Ража- Махади фортунун калдыктары, Селангор сул­танынын резиденциясы (ак сарайы) бар. Химия, жеңил, кара металлургия, машина куруу ж-а металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт.