КЕКИРЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:49, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКИРЕ (Acroptilon repens) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Са­багы бутактуу. Топ гүлү кызгылт түстө, евразия­лык 2 түрү бар. Төшөлмө түрү көп кездешет. Европа, Кавказ, Батыш Сибирь, Азиядан Моң­голияга чейин таралган. Талаада, аңызда, жол жээгинде, короо айланасында өсөт. Сабагынын бийиктиги 30–60 см, гүлү майда. Тамыры өзөк ж-а майда каптал тамырчалардан турат. Тамы­рынан көбөйөт. Кургакчылыкка чыдамдуу. Малды ууктурат. Айрыкча пахта талаасында көп өсүүчү чөп.