КОЖОМЖАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМЖАРОВ Чоро (7. 11. 1942, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Учкун айылы – 13. 4. 1981, Фрун­зе) – туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюш­туруучусу жана көркөм жетекчиси. Кыргыз ССРи­нин эмг.ек сиңирген артисти (1974).


М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын бүткөндөн (1958) кийин, К. Орозов атындагы эл ас­паптар оркестринде солист-­музыкант болгон. Комузда классикалык күүлөрдү черт­кен, комузчулар ансамбли­нин курамында Атайдын, Ниязаалынын, Айдараалы­нын күүлөрүн чертип аткар­ган. 1967-жылы С. Жумалиев, Б. Эгембердиев (комуз), О. Усубалиев (электр домбра), А. Тезекбаев (аккордеон), Ю. Черкасов (бас гитара), К. Мамасалиев (урма аспап), А. Мо­мунгазиев (куудул) сыяктуу музыканттардан эс­традалык топту уюштурган. Т. Кожомжаров эстрада ансамбли үчүн обончулардын ырларын иштеп чыккан.
Анын «Биз тынчтыкты сүйөбүз», «Ашыгы ке­лер кез болсо», «Кызганамын» жана башка ырлары белгилүү. Ансамбль СССРдин курамындагы республика­ларда, Канада, Сирия, Алжир, Моңголия жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар менен сый­ланган.