КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ
КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ – бардык мезгилде
идеялык мазмуну жана көркөмдүк жагынан эң жогору бааланган адабият үлгүсү; кеменгер акын жазуучулар жараткан, коомдук мааниси менен касиети бийик чыгармалар. Классикалык адабият адамзаттын адамгерчилик жана агартуучул идеяларын туу туткан. Ар бир элдин тарыхый тагдырына байланыштуу классикалык адабият бир элде эрте, бир элде кечирээк пайда болгон. Мисалы: Грекияда биздин заманга чейинки 5-кылымда, Римде
1-кылымда, Орто Азия жана Чыгышта 9–12-кылымдарда, Францияда 17-кылымда, Россияда 19-кылымда өнүккөн А. С. Пушкин, А. П. Чехов, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Некрасов, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой жана башка Кыргыз классикалык адабиятынын жаралышы да 19-кылымга таандык.
Анын өкүлдөрү – Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Эшмамбет, Жеңижок, Т. Сатылганов, Тоголок Молдо, Б. Алыкулов, К. Тыныстанов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, С. Эралиев, Ч. Айтматов, Т. Касымбеков ж. б.