КОБАН МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОБА́Н МАДАНИЯТЫ – Түндүк Кавказдын борбордук бөлүгүндөгү коло кылымынын аягы – темир кы­лымынын башына таандык (биздин заманга чейинки 1-миң жыл­дыктын 1-жарымы) археологиялык эстелик. Түндүк Осе­тиядагы Кобан кыштагынын атынан аталган. Кобан маданияты көрүстөндөр, турак жайлар жана буюм калдыкта­ры менен илимге белгилүү. Кобан маданиятынын адамдары өлүктөрдү бүгүп, таш үкөктөргө салып, ар кан­дай тиричилик буюмдары – канжар, уңгулуу коло балта, спираль түрүндөгү билерик жана башкалар менен бирге көмүшкөн. Алар кээ бир буюмдарын «айбандар стили» деп аталган скиф искусство­сунун ыкмасында кооздоп жасашкан. Кобан маданиятынын адамдары уруу-уруу болуп, кичинекей кыштак­чаларда жашаган. Булардын арасынан Змей

Тлиа кыштагына жакын (Түштүк Осе­тия) көрүстөндөн табылган коло буюмдар: 1–2–курдун тогоолору 3–догоо сымал фибула; 4–ил­мек; 5–идиш; 6–балта; 7–би­лерик (Б. В. Те­ховдуку боюнча).

журту айрыкча белгилүү. Мал чарбачылык, аңчылык, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык менен ке­сип кылышып, тоо кендерин да иштете билиш­кен. Уруу жол башчыларынын колунда байлык топтоло баштаган. Кобан маданиятынын адамдары Алдың­кы Азия жана Днепр бойлорунда жашаган элдер менен маданий, экономикалык байланышта болушкан.